00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ЕАЭС в деталях
Что нужно знать гражданину Кыргызстана о своих правах при работе в странах ЕАЭС
16:56
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Жомок – баланы тарбиялоонун эң маанилүү куралы. Эмне үчүн балдарга жомок окуп берүү абдан маанилүү?
17:08
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:08
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Туяк
Улуттук мурастын сакчысы – Динара Чочунбаева
19:09
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Почему демографический бум Кыргызстана может превратиться в проблему и как этого избежать
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Климат өзгөрүп жаткан шартта Бишкектеги бак-дарактарга кам көрүү жана жаңы көчөттөрдү өстүрүү иштери кандай жүрүүдө?
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жээнбеков: Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок

Жазылуу
Өлкө башчы кеп Конституцияда эмес, кеп мыйзамды сыйлаган же аны бузган адамдарда болуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Өлкөнүн өнүгүүсү үчүн азыркы конституциялык мейкиндик деле жетиштүү. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн зарылдыгы жок. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияга катышып жатып билдирди.

Өлкө башчы кеп Конституцияда эмес, кеп мыйзамды сыйлаган же аны бузган адамдарда болуп жатканын белгиледи.

"Урматтуу мекендештерим, Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз кылганда төмөнкү жагдайларды унутпасак. Эгемендүү Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында абдан узакка созулган талкуунун жыйынтыгы менен кабыл алынган. Бирок ага карабай бүгүнкү күнгө чейин, жыйырма беш жылдын ичинде Баш мыйзамга он жолу өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми 2010-жылы референдум аркылуу Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн деп элибиз добуш берген. Элдин ошол чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди. Ошондуктан 2010-жылдагы окуяларды эстеп, элдин эркин сыйлап, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм", — деди президент.

Мамлекет башчы Конституцияны өзгөртүүгө бир топ убакыт талап кылынарын, анын ордуна маанилүү иштерди, мисалы, экономиканы көтөрүүгө күч жумшоо маанилүү экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0