Айланма жолдогу үрөй учурган жол кырсыктан 5 адам каза болду

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Toyota менен Volkswagen бетме-бет кагышкан.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Токмокко жакын жерде болгон жол кырсыктан беш адам каза болду. Бул тууралуу милициядан кабарлашты. 

Саат 16.30дар чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында, Красная Речка менен Ивановка айылдарынан алыс эмес жерде Toyota менен Volkswagen бетме-бет кагышкан.

Алгач үч адам каза тапканы айтылган, бирок такталган маалыматтар боюнча 5 киши мерт болгону аныкталды. Дагы эки адам жаракат алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0