БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов менен кеңештин мүчөсү Чубак Жалилов Санкт-Петербургда иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолуга турганын муфтият билдирди.
Маалыматка ылайык, аалымдар бүгүн түнү учуп кетишкен. Жолугушуу бүгүн саат 12.00дө шаардын борбордук мечитинде өтөт.
Билдирүүдө иш-чарага аялдар да катышса болору, алар үчүн атайын орундар даярдалганы айтылат.