Бишкектин бир катар аймагы жарыксыз калат. Тизме

Жазылуу
Электр жарыгын өчүрүү трансформатордук подстанциялардын иштешин текшерип, кемчиликтерди жоюу максатында болорун айтышты.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Эртең, 17-декабрда, Бишкектин бир нече аймагында жарык жок болот. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашты.

Жарык берүү үзгүлтүккө учурай турган аймактар:

09.30-14.00 — Көк-Жар конушундагы Горький менен Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши;

10.00-18.00 — Дордой конушу;

12.00-16.00 — 3-кичирайондогу №1-7 үй;

09.30-12.00 — 11-кичирайондогу №5, 6, 9/1 үйлөр;

09.00-17.00 — Патрис Лумумба көчөсүндөгү №68-74, №92-72 үйлөр;

09.30-18.00 — Ак-Өргө конушундагы Аймончок көчөсү;

13.00-17.00 — Москва, Турусбеков көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Шевченко туюк көчөсү;

09.30-12.00 — Токтогул, Үмөталиев, Тимирязев, Сыдыков көчөлөрүнүн бир бөлүгү;

09.30-18.00 — Каарман, Алтай туюк көчөлөрү;

09.30-17.00 — Васильев көчөсүнүн бир бөлүгү, Жол туюк көчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0