Экстремал адамдар үчүн эч нерсе тоскоолдук боло албайт. Германиялык спортчу 32 метр бийиктиктеги шаркыратмадан кайык менен түштү. Анын бул аракетинин видеосу айрым адамдарды таң калтырса, дагы биринин жүрөгүн түшүрөт, бирок эч кимди кайдыгер калтырбайт.
Адриан Маттерн дүйнө кезип, суу аккан кооптуу жана коркунучтуу аймактарды издеп таап, андан соң ал жакта болгон окуялардын видеосун социалдык тармактарга жарыялайт. Бул ирет анын Александр шаркыратмасын багындырып жаткандыгын көрүүгө болот.