00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:54
6 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Знают ли кыргызстанцы свои права и как повысить юридическую грамотность в обществе?
08:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
09:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Максимальный репост
«Манас» в XXI веке: как эпос сохраняет свою актуальность и чему может научить нас сегодня?
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Депозиттерди коргоо фондунун суммасы 7 млрд. сомдон ашты — дедолларизация, финансылык сабаттуулук
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Контроль и эффективность: как работают механизмы исполнения решений в Кыргызстане
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Өлкөдөгү адистерди даярдоо маселеси жана эмгек рыногундагы өзгөрүүлөр, суроо-талаптар
13:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
0 мин
Структура личности
Современная поэзия – почему стихи актуальны в любую эпоху
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
“Экинчилердин биринчисиби?” Түркиянын экономикасы
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Мониторинг бизнеса: защита потребителей или новая волна проверок?
18:07
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
4-декабрь, "Манас" күнү. Эпосту жайылтууда кандай илимий иштер жүрүүдө?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Волшебный мир книг: как литература помогает детям расти
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары көбөйүп, генофондго коркунуч жаратууда
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Борбор калаага жаңы автобустарды кытайлык компания алып келмей болду

© пресс-служба мэрии города БишкекАвтобус, работающий на газе который будет поставляться в Бишкек китайской корпорацией
Автобус, работающий на газе который будет поставляться в Бишкек китайской корпорацией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тендерди 20-ноябрда Бишкектин Жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы жарыялаган.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкек шаарына газ менен иштеген жаңы автобустарды кытайлык корпорация алып келет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирүүгө ылайык, ал тендерге сегиз компания катышкан.

Буга чейин Бишкектин Жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы 20-ноябарда газ менен иштеген 60 автобус алуу үчүн эл аралык тендер жарыялаганын билдирген. Ага өндүрүшчүлөр менен компаниялардын дилерлери катышып, өтүнмөлөр 11-декабрда ачылган. Коомдук транспортторду алып келүүнүн мөөнөтү — 2019-жылдын март айы. Ал үчүн калаа казынасынан 382 миллион 577 миң сом бөлүнгөн. 

Арабадагы майып коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент - Sputnik Кыргызстан
"Арабадагы майып" коомдук транспортко түшө алабы? Социалдык эксперимент
Тендердин жеңүүчүсү болуп 301 миллион 273 миң 700 сом сунуштаган кытайлык Znengzhou yutongbus CO., LTD корпорациясы табылды. Анын өндүрүшү дүйнөлүк көлөмдүн 15 пайызын түзүп, заводу күнүнө 730, жылына 750 миң автобус чыгара алат. Ошентип Бишкекке Yutong ZK 6108 HGH үлгүсүндөгү жаратылыш газы менен иштеген автобустар алынып келет. 

Мэриянын маалымат кызматы бүгүнкү күндө бир куб газ 19 сом 50 тыйын, дизель майы 46 сом 50 тыйын болуп жаткандыгын белгилеп, муну менен калаа бийлиги акчаны үнөмдөп, экологиялык коопсуздукка басым жасаларын айтат. 

Ошондой эле жаңы унаалардын акчасы Кыргызстанга алынып келгенден кийин гана төлөнүп, алар тиешелүү документтерге кол коюлгандан 60 күндөн 90 күнгө чейин келе тургандыгы белгиленди. Бир автобустун баасы 72 миң долларды түзөт. Үнөмдөлгөн акчага ошол эле үлгүдөгү дагы тогуз автобус алууга мүмкүн. Жыйынтыгында шаарда жаңы 69 автобус жүргүнчүлөрдү ташып калат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0