Бишкек мэриясына караштуу жаңы кызмат менен департаменттер иштей баштайт

Жазылуу
Жаңы ишканалар менен бирге мурунку эки башкармалыктын аталышы өзгөрөт.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши мэриянын структурасын бекиткенин маалымдады.

Муниципалитеттин жаңы структурасы борбордук аппараттан, 19 түзүмдүк бөлүктөн, райондор боюнча 4 муниципалдык администрациядан, 22 жергиликтүү аймактык башкармалыктан, социалдык өнүктүрүү боюнча төрт райондук башкармалыктан, төрт билим берүү борборунан, 17 субъектиден турат.

Структурадагы жаңы бөлүмдөр менен ишканалар:

— Экономика жана инвестиция департаменти;

— Шаар куруу жана архитектура департаменти;

— Ички аудит башкармалыгы;

— "Бишкекреклама", "Шаар парктары" жана "Унаа токтотуучу жайлар" муниципалдык ишканалары.

Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы шаар чарбасы департаменти болуп өзгөрсө, Саламаттык сактоо системасын камсыздоо башкармалыгы Саламаттык сактоо башкармалыгы болуп аталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0