Айтматовдун Москвадагы айкелин жасаган скульптор: уят болбосом экен деп тиледим

© Sputnik / Табылды КадырбековМосква шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин тургузган скульптор Азамат Абдрахманов
Москва шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин тургузган скульптор Азамат Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Москва шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин тургузган скульптор Азамат Абдрахманов менен маек курду.

Учурда интернет колдонуучулар эстеликтин жасалышы боюнча жакшы сөз айтып, скульптордун ишине ыраазычылык билдиргенин байкоого болот.

Айкелдин ачылышы узаган жумада өтүп, ага президент Сооронбай Жээнбеков, элчи Болот Отунбаев, өкмөттүн мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан.

Эстелик турган сквер Москва шаарынын Павлов көчөсү менен Подольск шоссесинин ортосунда жайгашып, аянты эки гектардан ашат.

© Фото / Толук Бек БайзакСкульптор Азамат Абдрахманов: улуу жазуучу Чыңгыз Айматовдун эстелигин тургузууга эки айдан ашык убакыт кетти
Автор скульптуры памятника Чингизу Айтматову в Москве Азамат Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Скульптор Азамат Абдрахманов: улуу жазуучу Чыңгыз Айматовдун эстелигин тургузууга эки айдан ашык убакыт кетти

— Чыңгыз Айтматовдун эстелигин жасоо шыбагасы кандайча буюрду?

— Мындан эки жыл мурда улуу жазуучунун эстелиги Москвада коюлат деген кептер жүрүп, былтыр Маданият министрлиги сынак жарыялады. Ага көптөгөн скульптор, сүрөтчүлөр катышып, ар бири эскиздин варианттарын тартуулады. Сынак эки-үч этап менен жүрүп, талап катуу коюлду. Атаандаштардан суурулуп чыгуу оңой болгон жок. Ошентсе да утуп чыкканга бар күчүмдү жумшадым.

Айтматовдун отургучта бутун учкаштыра отуруп, келечектеги чыгармаларына карата ой жүгүртүүсүн чагылдырсам туура болот го дедим. Ишим комиссия мүчөлөрүнүн купулуна толуп, 17 катышуучунун ичинен жеңип чыктым.

— Эстелик тургузууда россиялык скульптор да иштешкен деген маалыматтар болуп жатат…

— Конкурска россиялык скульпторлор катышкан. Бирок утуп алгандан кийин эч ким жардамдашкан жок. Эстелик баштан-аяк өзүмдүн колуман чыкты.

© Sputnik / Табылды КадырбековАбдрахманов: эстелик баштан-аяк өзүмдүн колуман чыкты, россиялык скульпторлор катышкан жок
Автор скульптуры памятника Чингизу Айтматову в Москве Азамат Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Абдрахманов: эстелик баштан-аяк өзүмдүн колуман чыкты, россиялык скульпторлор катышкан жок

— Канча убакытты талап кылды?

— Чоң монумент жаратуу бир нече этаптан турду. Адегенде чакан эскиз жана модели жасалып, ошонун негизинде акырындык менен чоңойтулуп жасала баштайт. Бардык этаптарда тең комиссия мүчөлөрү көз салып турушту. Москвадагы көркөм кеңешке да алып барганбыз. Ал жактын адистери жалпысынан жактырып, айрым жерлери боюнча гана багыт беришти.

Айкелди быйыл сентябрда баштагам. Бир жарым ай эстеликтин калыбын скульптуралык баткак менен жасап, 20 күн колосун куйдум. Иш аз убакытта жасалды.

— Интернет колдонуучулар эстеликке карата мактоолорду айтып, жасаган ишиңизге ыраазычылык билдирип жатышат. Бул сиз үчүн сыймык болсо керек?

— Албетте. Мен үчүн өтө чоң жоопкерчилик болду. Москвага коюла тургандан кийин уят болуп калбагыдай жасаганга аракет кылдым. Жыйынтыгы жемиштүү болсо экен деп тилендим. Чынын айтканда жумуш оор, бардыгынын эле колунан келе бербейт. Инсандын образын, келбетин, мүнөзүн берүү чоң түйшүк.

Эстеликтин ачылыш аземинде автору мен экенимди көбү билген эмес. Эл менен эле аралашып жүрдүм. Жанымдагылар "автору ушул жигит" деп жиберди эле, айланадагылар мени кучактап өөп, сүрөткө түшүп, ыраазычылык айтышты. Айкелдин бетин ачканда элдин кубанычын жана жылмаюусун көрө алдым.

© Фото / Азамат АбдрахмановСкульптор: чоң монумент жаратуу бир нече этаптан турду. Адегенде чакан эскиз жана модели жасалып, ошонун негизинде акырындык менен чоңойтулуп жасала баштайт.
Автор скульптуры памятника Чингизу Айтматову в Москве Азамат Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Скульптор: чоң монумент жаратуу бир нече этаптан турду. Адегенде чакан эскиз жана модели жасалып, ошонун негизинде акырындык менен чоңойтулуп жасала баштайт.

— Жадакалса Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин сизге жасатыш керек болчу деп кейигендер болду. Сиз анын жасалышына кандай баа бересиз?

— Эл сынчы, жакпаса туура эле айтат. Демек, скульпторго ишенип берилген тапшырма аткарылган жок. Өзүм ачылышына катышкам. Чындыгында, жанымдагылар иренжип, көкүрөгүндө "ай" деп кейип, "ким жасады болду экен" деп кобурашып калышты. Сүймөнкул Чокморовду кыргыз элинин жүзү дейбиз. Ошол нерсе байкалган жок.

— Сыр болбосо эмгек акыңыз канча болду?

— Ал чечиле элек. Жакында берилет.

© Фото / из личного архива Азамата АбдрахмановаАбдрахманов: Айтматовдун отургучта бутун учкаштыра отуруп, келечектеги чыгармаларына карата ой жүгүртүүсүн чагылдырсам туура болот го дедим.
Автор скульптуры памятника Чингизу Айтматову в Москве Азамат Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Абдрахманов: Айтматовдун отургучта бутун учкаштыра отуруп, келечектеги чыгармаларына карата ой жүгүртүүсүн чагылдырсам туура болот го дедим.

— Өнөр адамдары сынчы болот эмеспи, Айтматовдун айкели өзүңүзгө жактыбы?

— Албетте.

— Эл купулуна толгон эстелик тургузуу үчүн скульптор кандай талапка жооп бериши керек?

— Талант менен жөндөм керек. Жөн эле окуп коюу жетишсиз. Скульптор кайсы бир инсандын айкелин жасоодо өзүнө "кандай жасашым керек, элдин жүрөгүнө жетеби деген" максатты коюп, аны табуу керек. Андан аркысы сенин кесипкөйлүгүңөн көз каранды.

© Sputnik / Табылды КадырбековАзамат Абдрахманов: мен ушуну менен Айтматовдун эстелигин төртүнчү жолу жасап жатам.
Автор скульптуры памятника Чингизу Айтматову в Москве Азамат Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Азамат Абдрахманов: мен ушуну менен Айтматовдун эстелигин төртүнчү жолу жасап жатам.

— Чыңгыз Айматов өңдүү дагы кандай белгилүү адамдардын айкелин тургузгансыз?

— Мен ушуну менен Айтматовдун эстелигин төртүнчү жолу жасап жатам. 2008-жылы Ысык-Көлдөгү "Рух-Ордо" комплексинде отургучта отурган образын жараткам. Эл жакшы кабыл алды. Бирок идея жаралганда көзү тирүү болчу. Эстеликтин эскизин чийип жатканда радиодон улуу жазуучунун өлгөнүн угуп жаман болдум. Экинчиси 2011-жылы Таластын Кара-Буура райондук администрациясына коюлган. Үчүнчүсүн Ростов-на-Дону шаарына койдуруу үчүн кыргыз диаспорасы буйрутма кылып, бирок албай коюшкан. Себебин түшүнбөй эле калдым, эстелик азыркыга чейин цехимде турат.

Улуу инсандардын айкелин дайыма эле жасап турбайбыз. Турмуш-тиричилик үчүн майда-барат буюм сатып оокат кылганга туура келет.

— Скульпторлук менен көп убакыттан бери алектенесизби?

— 2005-жылдан бери. Көркөм сүрөт академиясын аяктап, башында мугалим болуп жүрдүм. Андан кийин жеке студияларда скульпторлук боюнча алектене баштадым. Өнөргө бала кезимден эле жакынмын. Бала бакчада жүргөндө пластилин менен ар нерсени жасай берчүмүн.

© Фото / из личного архива Азамата АбдрахмановаАбдрахманов: Сүймөнкул Чокморовго кайрадан конкурс жүрүүдө, буюрса ага катышабыз.
Автор скульптуры памятника Чингизу Айтматову в Москве Азамат Абдрахманов - Sputnik Кыргызстан
Абдрахманов: Сүймөнкул Чокморовго кайрадан конкурс жүрүүдө, буюрса ага катышабыз.

— Келечекте дагы кайсыл инсандан айкелин жаратууну кыялданасыз?

— Бишкек шаарында дагы белгилүү адамдарга эстелик тургузсам деген максатым бар. Үч жыл мурда Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигине жарыяланган сынакты утуп чыккам. Бирок демөөрчүлөр жок, тургузулбай калды. Азыр кайрадан ишке ашырабыз деген имиш кептер болууда. Балким орундалса, аны да тургузуп калаармын. Ошондой эле Сүймөнкул Чокморовго кайрадан конкурс жүрүүдө, буюрса ага катышабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0