БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Финансы министрине Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги көрсөтүлүп, кароо маселеси Жогорку Кеңешке келип түшкөнүн депутат Исхак Масалиев билдирди.
Учурда Жээнбаеванын талапкерлигин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жабык эшик артында карап жатат. Журналисттер киргизилген жок.
Белгилей кетсек, мурдагы финансы министри Адылбек Касымалиев 6-декабрда кызматтан кеткен.
Социалдык тармактарда тараган маалымат боюнча Касымалиевдин ордуна Бактыгүл Жээнбаеванын келери айтылууда.
Жээнбаева быйыл июлдан бери президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп келе жатат.