БИШКЕК, 8-дек. – Sputnik. БУУнун Кыргызстандагы балдар фонду (ЮНИСЕФ) Бишкекте эки жашар наристе чарчап калган фактыдан кийин балдарды камкордукка алуу милдетин киргизүүнү сунуштады.
28-ноябрь күнү Бишкектеги балдардын аймактык ооруканасына оор абалда эки жаштагы бала түшкөн. Милициядан билдиришкендей, наристенин денесинин бир канча жеринде жаракаты болгон. Наристе энеси акча табыш үчүн мигрант болуп жүргөндүктөн анын курбусунун кароосунда калган. Суракка алынган 32 жаштагы аял наристеге кол көтөрбөгөнүн, ал өзү эки кабаттуу керебеттен кулап кеткенин билдирген.
Ал эми ЮНИСЕФ наристе катуу сабалгандыктан чарчап калды деп болжоп жатат.
“Бул окуя трагедия, күткөнгө убакыт жок, балдарды зомбулуктан сактоо үчүн тез арада чара көрүү керек. Мигранттар мекенине таштап кеткен 119 миңден ашык баланын коопсуздугу үчүн милдеттүү камкордукка алуу системсын ишке ашырышыбыз керек”, — деди фонддун өкүлү Юкиэ Мокуо.
Уюм акча табыш үчүн чет элге кетип жаткан ата-энелер балдарын карай турган адамдарды мыйзамдуу негизде дайындашы керек деп сунуштап жатат.