БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. 9-декабрь, жекшембиде, өлкө аймагын ала булут каптап турат. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас жана Чүй облустарында кар аралаш жаан жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Талас менен Ысык-Көл өрөөндөрүндө +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен жергесинде +6…+11 градус жылуу, ал эми Нарын аймагында —3…-8 градус суук болору айтылды.
Ош шаарын ала булут каптап, абанын температурасы +8…+10 градуска көтөрүлсө, Бишкекте кар аралаш жаан жаап, абанын температурасы +7…+9 градуска чейин жылуу болот.