"Манас" аэропортуна убактылуу жетекчи дайындалды

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСистема "Электронные ворота" (E-gate) в международном аэропорту "Манас"
Система Электронные ворота (E-gate) в международном аэропорту Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чукуев буга чейин кызматтан өз ыктыяры менен кеткен.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын башкаруучулугунун төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Мирлан Бегалиев дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалымат кызматы билдирди.

Портфельчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туризм департаментине жаңы жетекчи дайындалды
Буга чейинки төрага Эмир Чукуев өз ыктыяры менен кызматтан кеткен болчу. Ал бул ишке 2015-жылдын апрелинде дайындалган. Чукуев кызматтан кеткенден кийин милдетин инфраструктуралык өнүгүү боюнча директор Абдималик Бусурманкулов аткарары айтылган.

Бегалиев "Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын башкаруучулугунун мүчөсү. Мекеменин Бишкектеги, Ысык-Көлдөгү филиалдарын башкарган.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКтын карамагында 11 аэропорт бар. Алардын бешөө — "Манас", Ош, Ысык-Көл, Каракол жана Баткен аэропортторунун эл аралык статусу бар. Калгандары — Жалал-Абад, Исфана, Караван, Казарман, Нарын, Талас жергиликтүү маанидеги аба майдандары. Андан сырткары, мекемеге Чолпон-Ата менен Кызыл-Кыядагы иши токтоп турган аэропорттор да карайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0