00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Чаткалдагы жаңжал: милиция 14 кишини эмнеге кармаганын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алтын кен казган ишкананы кайтарган атайын даярдыктагы аскерлер менен жергиликтүүлөрдүн ортосунда чыр чыгып, үч аскер жаракат алган.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Чаткал районунун Терек-Сай айылынын 14 тургуну атайын даярдыктагы отряддын үч аскерин сабап койгону үчүн кармалган. Жаракат алган тартип сакчылар учурда ооруканада жатат. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубаев билдирди.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, "Эти Бакыр Терексай" ишканасын кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган кишини сабап салышкан. Ачууланган айылдыктар чогулуп барып жаңжалдашкан. Арадан 27 күн өткөндөн кийин милиция кызматкерлери окуяга катышкан 14 кишини кармап кеткен. Буга нааразы болгон ата-энелер жана балдардын айылдаштары аларды бошотууну талап кылып эки күндөн бери митингге чыгууда

"Жаңжал учурунда аскерлердин бири катуу жаракат алып, Бишкекке жеткирилди. Жакында анын бутуна операция жасалат. Экөө Аксы райондук ооруканасында, абалдары канааттандырарлык. Бул боюнча 6-ноябрда кылмыш иши козголгон. Ар тараптуу иликтөө жүрүп жаңжалдын видеолору алынып, тиешелүү адамдардын өздүгү такталган. Ошол далилдердин негизинде 14 киши кармалды", — деди маалымат катчы.

Бирок ал тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн деп ошол жаңжал учурунда тартылган видеону берүүдөн баш тартты.

Ал эми окуянын келип чыгышын тургундар башкача сүрөттөп жатканын белгилеп, милициянын версиясын айтты.

Приговор экс-министру экономического развития Алексею Улюкаеву - Sputnik Кыргызстан
Сот “Макмалдагы” курулуштарга өрт койгон 12 кишини камады
"Мурда жергиликтүүлөр ал жерден өз алдынча мыйзамсыз түрдө сурьма казып турушкан. Алардын ишине бөгөт коюу үчүн атайын даярдыктагы аскерлер жиберилип, ишкананын аймагын кайтарып келишкен. Аскерлер ал жерден малын айдап чыгуу үчүн барган жергиликтүү тургунду сабаганы боюнча маалыматым жок. Буга чейин Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги кармалган жарандардын туугандары менен жолугуп кырдаалды түшүндүргөн. Жаңжалдын видеосун да көрсөтүп, баары мыйзам чегинде караларын айтышты", — деди Турдубаев.

Кармалган терексайлыктар Жалал-Абад ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын баш коргоо чарасы эртең, 4-декабрда, каралат.

Белгилей кетсек, "Эти Бакыр Терексай" ишканасы 2015-жылы Чаткалдагы Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштете турган лицензия үчүн 20 миллион доллар төлөгөн. Алтындын запасы Теректе 14,644 тонна, Перевальное кенинде 7,502 тонна, ал эми Терекканда 5,062 тонна экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0