БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги грипп жана сасык тумоо ооруларынын алдын алуу боюнча даярдыкты күчөтүп, кабыл алуу бөлүмүндөгү дарыгерлердин санын көбөйттү. Бул туурасында аталган министрликтен кабарлашты.
Маалыматта бул жайларда күндүзү 6-8, ал эми түндө 4, эс алуу, майрам күндөрү 5ке чейин дарыгер иштеп жаткандыгы айтылды.
"Балдардын шаардык клиникасына Тез жардам менен суткасына 500гө чукул бейтап кайрылууда. Ал жерде күнү-түнү кабыл алуучу төрт бөлүмдө алты дарыгер иштеп жатат. Алардын экөө педиатр, травматолог, лор-дарыгер жана хирург", — деп билдиришти министрликтен.
Улуттук госпиталдын токтоосуз жана пландык түрдө жардам көрсөтүү бөлүмүн санитардык транспорт менен камсыздоо, зарыл болгон дары-дармек менен жетишерлик кылып жабдуу каралган.
Мындан сырткары, вакцина алууну каалагандар Бишкек шаарындагы мамлекеттик (№6,8 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору) жана медициналык жеке борборлорго ("Гиппократ", "Малыш", "Кроха", "Цадмир", "Поликлиника 312") кайрылса болот. Эмдөөнүн баасы маалыматта 500дөн 650 сомго чейин экендиги айтылды.