Бишкекте эвакуаторго байланыштуу ири кылмыштуу схема аныкталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүЭвакуатор. Архив
Эвакуатор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин ЖКККББ, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана "Портал групп" ишканасынын өкүлдөрүнө карата кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматтагы адамдары алдамчылыкка айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булагы билдиргендей, кылмыш иши 2017-жылы ЖКККББда жетектөөчү кызматты аркалап тургандарга карата козголду.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы мамлекеттик кызматы тараткан маалыматка караганда, кылмыштуу схемага Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин кызматтагы адамдары, инспекторлор менен биргеликте автолорду эвакуациялаган "Портал групп" компаниясынын өкүлдөрүнүн да тийиштиги бар.

Вручение золотых сертификатов лучшим выпускникам школ КР - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Атамбаевдин байлыгын текшерет
Иликтөөлөр өткөн жылдын декабрь айында ЖКККББнын тендердик комиссиясы "Портал Групп" компаниясынын кызыкчылыктарын коргогонун көрсөткөн. Маалыматта Мамлекеттик сатып алуулар порталында формалдык негизде тендер өткөнү белгиленет. Алгач эвакуатор кызматы 1 сом турат деп айтылса, эки ай мурда Монополияга каршы агенттик 1500 сом деп баалаган.

Башка талапкерлер болбогону үчүн тендер өтпөй калган. Кийин "Портал групп" компаниясы менен келишим түзүлүп, "Мамлекеттик сатып алуулар" жөнүндө мыйзам бузулган. Себеби тендерде Монополияга каршы агенттиги көрсөткөн 1500 сом белгиленбей калган.

Маалыматта кабарлангандай, бүгүнкү күндө бир автону эвакуациялоо 1350 сом турат. Бирок ушул эле суммага эки машинаны бир убакта эвакуациялаган учурлар бар.

"Унааларды эвакуациялоо баасы ар бир шаардын калкына жараша болушу керек, бирок учурда Кыргызстан боюнча унааны эвакуациялоо баасы 1350 сом турат. Көз карандысыз адистер менен аудиторлордун эсеби боюнча облустарда бир унааны эвакуациялоо 600 сомдон ашпашы керек. Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги эксперттердин бүтүмү жок кызматтын баасын белгилеп койгон", — деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.

Буга чейин Экономикалык кылмыштуулукка каршы агенттигинин кызматкерлери алты күн бою Бишкектеги автолордун эвакуациясын көзөмөлгө алышкан. Бул убакыт аралыгында 306 унаа эвакуацияланган.

"Кийин ЖКККББга канча унаа эвакуацияланганы боюнча расмий сурам жөнөтүлгөн. Ведомство 106 унаага протокол түзүлгөнүн маалымдаган. Тагыраагы, 200 унаанын айдоочусуна протокол түзбөстөн жең ичинен акча алып унааларын кайтарып берип коюшкан. Ошентип алты күндүн ичинде мамлекетке 200 миң сом зыян келтирилген", — дешти Финполдон.

Ал эми Башкы прокуратура ЖКККББ, Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана "Портал групп" компаниясы мамлекетке 9,837 миллион сом зыян алып келгенин маалымдады. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166 ("Алдамчылык") жана 304 ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу") беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0