БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Бишкекте вакансиялар жарманкеси өтө турганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин шаар башкармалыгынан кабарлашты.
Иш-чара 23-ноябрь күнү Токтогул, 237 (Жаш Гвардия проспектиси менен кесилишет) дареги боюнча жайгашкан башкармалыктын кеңсесинде өтмөкчү.
Жарманкеге Бишкек менен Чүй облусундагы 30дан ашуун ишкана, уюмдар катышат. 3000дей вакансия сунушталып, алар негизинен байланыш, тейлөө, коомдук тамактануу, курулуш тармагы боюнча боло турганы айтылды.
Каалоочулар иш берүүчүлөр менен түз сүйлөшө алат.
Жумушту социалдык тармактан да табууга болот.