Жээнбеков мурдагы 9 премьер менен жолукту, калгандары кайда?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-премьер-министры КР на встрече с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым
Экс-премьер-министры КР на встрече с президентом Кыргызстана Сооронбаем Жээнбековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда премьер-министрлер бат-баттан алмашып турат. Мисалы, акыркы мезгилде орточо эсеп менен алганда өлкөдө жыл сайын жаңы премьер-министр дайындалат.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрь күнү өлкөнүн экс-премьер-министрлери жана мурдагы төрагалары менен жолукту.

Иш-чарага болгону тогуз мурдагы премьер келген. Sputnik Кыргызстан агенттиги калгандары кайда экенин тизмектеди.

Кыргызстандын тарыхында канча премьер-министр болгон

Учурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 22-премьер-министр. Бирок Курманбек Бакиев менен Алмазбек Атамбаев өкмөттү эки ирет башкаргандыктан, жалпысынан 20 премьер. Дагы бир нече инсан өкмөт башчынын милдетин аткарса, Роза Отунбаева убактылуу өкмөттү жетектеп турган.

Бүгүнкү жыйынга кимдер катышты

— Турсунбек Чынгышев;

— Апас Жумагулов;

— Кубанычбек Жумалиев;

— Амангелди Муралиев;

— Феликс Кулов;

— Азим Исабеков;

— Игорь Чудинов;

— Жоомарт Оторбаев;

— Темир Сариев.

Көзү өтүп кеткен премьерлер

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с бывшими спикерами и премьер-министрами Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Эски көздөр... Жээнбеков мурдагы премьер-министрлер менен жолуккан сүрөттөр
Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исанов (1991-жыл, январь-декабрь) 48 жашында жол кырсыктан каза тапкан. Жумабек Ибраимов (1998-жылдын декабрь айынан 1999-жылдын апрелине чейин) 56 жаш курагында ашказан рагынан көз жумган, тагыраагы, өкмөттү үч айдан ашык убакыт жетектеген.

УКМКнын тергөө абагындагылар менен изделип жаткандар

Сапар Исаков (2017-жылдын август айынан 2018-жылдын апрелине чейин) менен Жантөрө Сатыбалдиев (2012-жылдын сентябрь айынан 2014-жылдын март айына чейин) ТЭЦти модернизациялоо иши боюнча айыпталып тергөө абагында жатат.

Аскар Акаев учурундагы акыркы премьер-министр Николай Танаев (2002-2005) "Кумтөр" боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгын эске албастан келишим түзгөн деп айыпталып, издөө жарыяланган. Экс-премьер Россияда жашайт.

Дагы бир экс-өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов чет өлкөдө жүрөт (2011-2012).

Өмүрбек Бабанов улут аралык жаңжалды козутууга айыпталып, ага карата кылмыш иши козголгон. Саясатчы ал маалда өлкө аймагында болгон эмес, кийинчерээк саясаттан кетип, Жогорку Кеңеш депутатынын мандатынан баш тарта турганын жар салган. Андан кийин бир иши боюнча тергөө токтотулган.

Сыртынан камакка алынгандар

Церемония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
Экс-президент: Сапар Исаковдун камалышы — Раим Матраимов үчүн өч алуу
Курманбек Бакиев 2000-2002 жана 2005-жылдары премьер-министр болгон. Кийин президент болуп шайланган. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин тактыдан түшкөн. Кыргызстанда аны сыртынан камакка алуу чечими чыгарылган. Учурда ал Белоруссияда жашайт.

Бакиевдин учурундагы акыркы премьер-министр Данияр Үсөновго (2009-жылдын декабрь айынан 2010-жылдын апрелине чейин) бир нече айып тагылып, сыртынан өмүр бою кесилген. Учурда атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алып Белоруссияда жашап жүрөт.

Башка премьер-министрлер

Алмазбек Атамбаев 2007 жана 2010-2011-жылдары өкмөттү башкарган. Анын учурдагы президент менен мамилеси суз. 2016-2017-жылдары өкмөттү азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков жетектеп турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0