Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. 21-ноябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, Чүй жана Талас облустарында +4…+9 градус жылуу болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында күндүн табы +8…+13 градуска жетери болжолдонду.

Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын аймагында 0…+5 градус болору айтылды.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +8…+10 градуска чамалап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0