00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кызматкерлери бюджет эсебинен командировкага көп чыккан министрликтер аталды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы аталган министрликте иштегендер жүйөлүү себептерден улам мамлекеттин эсебинен иш сапарларга бара турганына токтолду.

БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева башка министрликтерге салыштырмалуу Экономика министрлигинин өкүлдөрү бюджеттин эсебинен командировкага көп барарын айтып, анын себебине кызыкты.

Учурда депутаттар 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2018-жылдын бюджети жана 2019-2020-2021-жылдарга карата божомол боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат.

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев анын себептери жүйөөлүү экенин айтты.

"Экономика министрлигинин өкүлдөрү ЕАЭБге киргендигибизге байланыштуу бюджеттин эсебинен чет жакка көп барып жатат. Мисалы, министрликтин өкүлү бир айда бир жолу командировкага барат. Анткени мыйзамдар, келишимдер, регламенттер, тартиптер такталып бүтө элек, толук күчүнө кире элек. Чындыгында Экономика министрлиги чет жакка көп чыгат, бирок анын себеби бар", — деди өкмөт башчы.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты социалдык өнүгүү министрине "компромат" тапты
Ал ошондой эле бул маселе каралып, чыгымдарды азайтуунун жолу изделет деп сөз берди.

Эл өкүлү, андан сырткары, 2019-жылдын бюджетинде мамлекеттин эсебинен командировкага барууга каралган каражатты кыскартуу каралганбы деп сурады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев кийинки жылдын бюджетинде олуттуу кыскартуулар жок экенин айтты.

Ал эми премьер Абылгазиев мындан ары министр же анын орун басары каалаган жагына командировкага бара албай турганын белгиледи.

"Министрлердин, орун басарлардын өзү кетип калмайларын жоюп жатабыз. Биз сапар кайсы жактан каржыланарын, кайсы маселе менен барарын, ал бизге кандай пайда алып келерине чейин сурап, баары такталгандан кийин гана уруксат берип жатабыз", — деди ал.

Премьер учурда министрлердин командировкага баруусу кыскарганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0