БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов КРдин Өзбекстандагы элчиси кызматына көрсөтүлүүдө. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети өз жыйынында карайт.
Жунусов Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын 2014-жылдан бери аркалап келе жатат.
Ал эми Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков быйыл 5-мартта КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалгандан бери орду бош турат.