БИШКЕК, 10-ноя — Sputnik. Жекшемби күнү республиканын бийик тоолуу аймактарында кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6…+11, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +3…+8 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +5…+7, ал эми ордолуу Ошто +9…+11 градус жылуу болору айтылды.