БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин апасы Райхан Абдылдаева узакка созулган оорудан 82 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу үй-бүлөнүн жакын адамдары тастыктады.
Ал белгилүү кинорежиссер Бекеш Абдылдаевдин жубайы болгон.
Маалыматка караганда, маркумдун сөөгү 8-ноябрь күнү жерге берилет.