00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Курорты и санатории: как идет реконструкция и за чей счет?
08:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жол кайгуул милициясынын жаңы бөлүмү түзүлөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с Тамерланом Ибраимовым
Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков встретился с Тамерланом Ибраимовым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун жумушунун жыйынтыгы менен таанышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жээнбеков саясий-укуктук иликтөөлөр борборунун директору, жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик топтун жетекчиси Тамерлан Ибраимов менен жолугушту. Ага Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышты.

Жол кыймылын көзөмөлдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаар" боюнча доомат коюлган "Вега" компаниясы жооп кайтарды
Ибраимовдун маалыматы боюнча жумушчу топ 6 жыйналыш өткөрүп, КР ИИМдин окутуу бөлүмдөрү менен таанышып жана аскердик-дарыгерлик ишти иликтеген.

Натыйжада жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча стратегия, Бишкек шаарында Патрулдук милиция түзүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жана жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун I этабын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон нерселердин тизмеси иштелип чыккан.

Ибраимовдун айтымында, Жол коопсуздугун камсыздоочу башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлөт да, кызматтык милдети өзгөрөт. Патрулдук милиция жолдордогу коопсуздукка гана эмес, жалпысынан бекитилген участкалардагы коомдук коопсуздукка да жооп берет. Патрулдук милиционерлер аларга бекитилген аймакты толугу менен көзөмөлдөп, мыйзам бузууларды аныктап, алдын ала чараларды көрүп, дайыма кыймылда болот.

Бул реформа үч баскыч менен ишке ашырылат. Биринчи — кадрларды сынактын негизинде тандоо. Экинчи баскычта тандалган кызматкерлер жарандардын укуктары боюнча маселелерди, тактикалык жана ок атуу даярдыгы, жол эрежелерин окуу сыяктуу тиешелүү окуудан өтүшөт. Үчүнчү баскыч — кызмат өтөөнүн өзү, ал антикоррупциялык чаралардан жана кубаттоо ыкмаларынан турат.

В жизни нет дублей! ГУОБДД выпустило поучительный видеоролик - Sputnik Кыргызстан
Экинчи ирет жашоо берилбейт! Жол кыймылынын коопсуздугуна арналган ролик
Бишкек шаарында патрулдук милицияны түзүү боюнча пилоттук долбоорду 2019-2020-жылдары ишке ашыруу пландалууда, кийинки жылдары реформа бүт өлкөнү камтыйт.

Президент Сооронбай Жээнбеков иштелип чыккан стратегия менен иш-чаралар планын колдой турганын жана аларды ишке ашыра берсе болорун белгиледи.

Мамлекет башчысы кызматкерлерди сынактан өткөрүп тандоо таза, жарандык сектордун өкүлдөрүн тартуу менен өтүшү керектигин баса белгиледи.

Эске салсак, 2018-жылдын август айында өлкөнүн президентинин тапшырмасы менен жол кырсыктарынын деңгээлин азайтуу жана жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнүн жумушун күчөтүү боюнча конкреттүү сунуштарды жана иш-чараларды иштеп чыккан эксперттик жумушчу топ түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0