БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Кыргызстандыктардын орточо жашын аймактар боюнча алып караганда, Бишкекте жашагандардыкы жогору турат. Бул туурасында Улуттук статистика комитети маалымдады.
Андагы статистикага ылайык, 2018-жылдын башында Кыргызстанда жашаган адамдардын орточо курагы 27,6 жашты түзгөн.
Анын ичинен эң "жашы" Ош облусу табылса, орто жашы жогору деп Бишкек шаары аталды.