Башкы прокуратура атайын эсепке дагы 2 млн. сомдон ашуун акча которду

Жазылуу
Мекеме жалпысынан өлкө казынасына 134 миллион 872 миң 168 сом кайтарган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөшүүдөн өндүрүлгөн 2 миллион 259 миң 084 сомду атайын эсепке которду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, Башкы прокуратура жалпысынан 30-октябрга карата мамлекетке 134 миллион 872 миң 168 сом которгон.

Эске салсак, атайын эсеп ачуу боюнча буйрукка президент 16-майда кол койгон болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0