Апрель окуясында 865 курал уурдалган. Сандар, акыркы маалыматтар

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаРейд "Арсенал" в Бишкеке
Рейд Арсенал в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель ыңкылабында жоголгон автомат, тапанча, граната сыяктуу куралдарды Күч түзүмдөрүнө кайтаруу аракети эмдигиче жүрүүдө.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. 2010-жылы Апрель окуяларында жоголгон мамлекеттик күч органдарына тиешелүү куралдардын жарымынан көбү табыла элек. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин Ички иштер министрлигине жөнөткөн сурамына берген жообунда айтылат.

События 7 апреля 2010 года на площади Ала-Тоо Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Автомат менен таш көтөргөн адамдар. Сүрөттө калган Апрель окуялары
Маалыматка ылайык, Апрель коогалаңында Мамлекеттик күч түзүмдөрүнөн, тагыраак айтканда, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынан, Чек ара кызматынан, Коргонуу иштери боюнча комитеттен, Улуттук Гвардиядан, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен, Башкы прокуратурадан, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан жана Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнөн ар кандай типтеги 865 курал бир топ ок дарысы менен уурдалган. Бүгүнкү күндө анын 351и табылып, 514ү дагы деле изделүүдө.

Анын ичинен Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнөн 476 даана курал ок-дарысы менен жоголгон. Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында 226 даана курал кайтарылса, 250сү табыла элек.

"ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы тарабынан 2010-жылдын апрель окуясында массалык башаламандык учурунда жоголгон мамлекеттик күч түзүмдөрүнө тиешелүү куралдарды кайтаруу максатында "Арсенал" ыкчам профилактикалык жана издөө иш-аракеттери жүргүзүлүүдө. Эгерде жарандар кимдир-бирөөнүн үйүндө курал-жарак сакталып турганын кабарласа жана өз эрки менен өткөрүп берсе эч кандай административдик же кылмыш жаза каралбайт", — деп билдиришти министрликтен.

Коогалаң маалында курал-жарактар бир эле Бишкектен эмес, Нарын жана Талас облустарында да каракталганы айтылып келет.

Белгилей кетсек, 2010-жылы өз эрки менен курал-жарак өткөрүп бергендерге акчалай сыйлык ыйгарылат деген токтом чыккан. Бирок кийинчерээк бул чечим кайра артка кайтарылып алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0