Борбор калаада жаңы бульвар пайда болорун шаардык муниципалитеттен кабарлашты.
© пресс-служба мэрии города БишкекЭскизы нового бульвара в Бишкеке
Эскизы нового бульвара в Бишкеке
Билдирмеге караганда, эс алуу жайы Масалиев көчөсү менен Айтматов проспектисинин кесилишинде жайгашат.
© пресс-служба мэрии города БишкекЭскизы нового бульвара в Бишкеке
Эскизы нового бульвара в Бишкеке
"Долбоорду "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын адистери иштеп чыкты. Бульвардын узундугу — 720, туурасы — 130 метр, жалпы аянты 7,36 гектарга жетет", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, борбор калаанын түштүк тарабына 100 миң адамды батыра турган район куруу пландалып келет. Аталган бульвар дал ошол аймакка тиешелүү болмокчу.