Чүй облусунун Садовое айылында эки жүк ташуучу унаа кагышканын күбө билдирип, кырсыктан кийинки видеону WhatsApp каналга жөнөткөн.
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы DAF менен КамАЗ бет маңдай сүзүшүп, кырсык 22-октябрь күнү болжол менен саат 17.00дө Москва районунда болгонун тастыктады.
"Курулуш материалдары жүктөлгөн унаалар Бишкек — Ош жолунун 34-чакырымында кагышкан. Жаракат алган эки айдоочу ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.