Кыргызгидромет бул жума ичи күн жылый турганын маалымдады. Аба ырайынын эң жогорку температурасы ишемби күнгө туура келет — +25 градус. Бул жума жаан жаабайт. Анткен менен 27-октябрдан кийин күндүн көзү бузулат.
Ал эми Бишкектен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Ала-Арча капчыгайында учурда кыш. Бир чети бул таң калычтуу деле эмес. Жума ичи Чүй облусунун тоолуу аймактарында түнкүсүн нөлдөн төмөн, күндүз +10 градус жылуу болушу күтүлөт.