Ош: сойкукана уюштурууга шектелип сауна администраторлору кармалды

© AFP / JUNI KRISWANTOБетин жаап турган кыздар. Архив
Бетин жаап турган кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда кылмыш иши козголду.

ОШ, 22-окт. — Sputnik. Ош шаарында сойкулар үчүн көмүскө жайларды уюштурган деген шек менен эки саунанын администраторлору кармалды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.

Проблема проституции в Китае - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сойкулар канча табат? Бийлик алардын кирешесин эсептемей болду
20-21-октябрь күндөрү милиция кызматкерлери ыкчам маалыматтын негизинде сауналарды текшерип, ошол жерде сойкукана уюштурууга шектелип эки киши кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган факты боюнча 261-берененин (сойкулук үчүн көмүскө жайларды уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголду.

Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0