БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү республиканын тоолуу райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жете турганын Кыргызгидромет маалымдады.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4…+9, Ысык-Көл облусунда жана Нарын аймагында +3…+8 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +3…+5, ордолуу Ош шаарында +7…+9 градуска жетери айтылды.