Төө-Ашуу менен Боом капчыгайындагы катуу шамал жол кыймылына тоскоолдук кылып жатканын облустук милициядан билдиришти.
Аймакка калыңдыгы 15-20 сантиметр болгон кар жааган.
Милиция Төө-Ашуу менен Боом капчыгайы аркылуу башка аймактарга каттаган айдоочуларды этият болуп, кышкы дөңгөлөктөрдү тагып алууга чакырды.