БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Улуу Британиянын канышасы Елизавета экинчинин небереси канзада Гарри менен жубайы Меган Маркл бала күтүп жатканын Кенсингтон сарайынын Twitter баракчасына жарыяланды.
Their Royal Highnesses The Duke and Duchess of Sussex are very pleased to announce that The Duchess of Sussex is expecting a baby in the Spring of 2019. pic.twitter.com/Ut9C0RagLk
— Kensington Palace (@KensingtonRoyal) 15 октября 2018 г.
Маалыматка ылайык, жубайлар келе жаткан жаз айларында бала жыттап калышат. Учурда алар Австралияда турнеде жүрүшөт.
Буга чейин Ok! Magazine журналы сырткы бетине Меган Марклдын ичи чыгып турган сүрөтүн жарыялап, ал эгиз балдарды күтүп жатканын жазышкан. Бирок бул маалымат расмий түрдө төгүндөлүп же ырасталган эмес.
Эске салсак, канзада Гарри менен Меган Маркл быйыл 19-майда үйлөнүшкөн.