Дем алыш жана иш жуманын башында аба ырайы кандай болору айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы паркы. Архив
Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкүсүн Нарын менен Ысык-Көл облустарынан башка аймактарда абанын температурасы нөлдөн ылдый түшпөйт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет 14-октябрдан 20-октябрга чейин өлкө аймагында кандай аба ырайы болоору тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 14-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланат. Тоо этектерине жана тоолуу райондорго кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

14-октябрда түндө Чүй менен Таласта 0…6 градус жылуу болсо, күндүз 2…7 градуска жетет. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түндө 2…7 градус жылуу болсо, күндүз 10…15 градус жылуу болот. Нарын менен Ысык-Көл облустарында түңкүсүн 3 градуска чейин суук болуп, күндүз 5…15 градуска чейин жылыйт.

Токио шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылкы кыш кандай болот? Окумуштуулардын божомолу
15-октябрда Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түндө Чүй облусунда 1…6 градус жылуу болсо, күндүз 7…12 градуска дейре жылыйт. Таласта түндө 1…3 градуска чейин суук болуп, күндүз 6…11 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түндө 2…7 градус жылуу болуп, күндүз күндүн табы 11…16 градуска чейин көтөрүлөт. Ысык-Көлдө түндө 1…6 градус жылуу болуп, күндүз 12…17 градуска чейин жогорулайт. Ал эми нарында түндө 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылуу болуп, күндүз 12…17 градуска жылыйт.

16-октябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жаан карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондордо туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге дейре жетиши ыктымал.

17-октябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар катуу жаашы мүмкүн. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге чейин жетиши болжонууда.

18-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге дейре жетет.

Ал эми 19-20-октябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0