Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Күйөрмандык дин менен улутка карайбы?

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кутман таң, интернеттин баары Хабиб менен Конор бекен?

Кечээ кылымдын тиреши өттү. Жекшемби күнү таң эртеден тарта россиялык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макгрегордун кыл чайнашын тексттик түз алып берүүгө бел байлаганбыз. Өз доорунун даңазалуу мушкерлери UFC 229 турниринин алкагында жеңил салмактагы (70 кг) чемпиондук наам үчүн күч сынашты. Күч атасын тааныбайт демекчи, бул мелдештин ташы Нурмагомедовго ооду. Ал атаандашы Макгрегорду беттештин төртүнчү раундунда муунтуу ыкмасын колдонуп утуп алды.

Ушунун менен баары бүтүп калмак. Бирок Нурмагомедов ачуусу менен буга чейин эле намысына тийип жүргөн Макгрегордун спарринг-өнөктөшүн тордон секирип барып тээп-чаап жаңжал чыгарган.  Мунун кесепетининен массалык мушташ чыгып полиция кызматкерлери Хабибдин үч кишисин камакка алган.

© AP Photo / John LocherТурнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор - Sputnik Кыргызстан
Турнир UFC 229 в Лас-Вегасе. Хабиб Нурмагомедов — Конор Макгрегор

Көп өтпөй Макгрегор камалгандарга карата арыз жазуудан баш тартып, доомат койбой турганын билдирген. UFC уюмунун президенти Дана Уайт Нурмагомедовдун сый акысы маселе аягына чыкмайынча берилбей турганын айткан. Ал эми Макгрегорго эмгек акы которулат экен.

Куттуктоого бөлөнгөн Хабиб социалдык тармактагы баракчасына атасы менен түшкөн сүрөттү жүктөп, ыраазычылык айткан. Баса, аны РФ президенти Владимир Путин телефон аркылуу куттуктап, сыймыктана турганын айтканын жар салган.

Жеңилүү ызасын тарткан Конор дагы интернетке алгачкы билдирүүсүн жазып, "Мен кайтып келем, реванш керек" деп айткан.

Ал эле, бул эле деп беттештин жыйынтыгын талкуулап, чала сабат серепчи болбой эле коеюн. Эң башкысы эки мушкер тең ММА спортунун жайылышына салымын кошту. Эми бүркүттөй чап жабышып күрөшкөн Хабиб жана барскоондой муштум менен эс оодара чапкан Конордун аркасы менен далай бала спортко келе турганы шексиз. Ансыз деле Кыргызстан ММА жаатында өнүгүү жолунда. Спортчулар эл аралык жана өлкө ичиндеги мелдештерге катышып мушкерликтин даңгыр жолунда.

Бир эле нерсе айтам. Күйөрмандык кылуу тутунган динге, өлкөгө, улутка эч көз карандысыз болбошу керек. Биз кимдир бирөөгө жан тартаарда анын өйдөдө саналган өзгөчөлүктөрүнө эмес, спорттогу жетишкендигине, эмгегине жана шоудан сырткары (маалымат жыйын, салмакка түшүү аземиндеги треш-токтор) адамдык сапатына көңүл бурганды унутпашыбыз керек.

Эми башка маалыматтарга өтөлү. Көпчүлүк мушташ көрсө, булар чаң ызгыта чуркады. Борбор калаада салтка айланган "Мол Булак Күз Деми — 2018" эл аралык марафону болуп өттү.

Кечээ вице-премьер Темир Жумакадыровдун каза болгонуна туура бир жыл болду. Маркумду эскерүү иретинде Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева анын жубайы Нора Сүйүналиева менен маек курду.

Араңызда бойдоктор барбы? Бишкектин ажарлуу мугалимдерин кесиптик майрамына карата сүрөткө тарттык.

Күн жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы менен таанышып алыңыз.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.05 (сатып алуу) жана 69.33 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 46.30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү май 43.80 сом, ал эми дизель майы 45.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз ордуна. Спорт дин менен саясаттан тыш

Урушпаңыздар, аманчылык каалап Гүлдана Талантбекова.

Жаңылыктар түрмөгү
0