Эки мушкер UFC 229 турниринин алкагында Лас-Вегаста жолугушту. Беттештин жеңүүчүсү чемпион аталып, кур тагынат.
Бул күндү көрүүчүлөр бир жарым жылдан бери күтүп келген. Ал эми билеттер үч мүнөттө сатылып бүткөн.
Нурмагомедов 26 беттеш өткөрүп, анын баарын тең жеңген. Ал эми Макгрегор 21 беттеш өткөрүп, анын үчөөндө утулуп калган.