БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Борбор калаада скандинав жөө жүрүшү боюнча мелдеш өтөөрүн уюштуруучулар кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, турнир 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата уюштурулуп жатат.
Спорттук мелдеш 1-октябрь күнү Ботаникалык бакта 10:00дөн 13:00гө чейин улантылмакчы. Турнирге спортту сүйгөн 55 жаштан өйдө адамдар катышат.
Мелдештин уюштуруучулары — Улуттук кызыл ай коому, Бишкектин FOFINGO ден соолукту чыңдоо жана спорттук борбору.
Иш-чара Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын колдоосунун алдында өтмөкчү.