Жумага карата аба ырайы

© AP Photo / Michael ProbstКол чатыр көтөргөн адам. Архив
Кол чатыр көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-сен — Sputnik. 28-сентябрда Кыргызстандын тоолуу аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +20…+25 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +16…+21 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы Бишкекте +22…+24 градуска жетсе, Ош шаарында +25…+27 градус жылуу болору болжолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0