00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
16:58
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
КР реалдык секторду өнүктүрүүдө ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануусу зарыл
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
10 мин
Тема дня
ИП или патент: зачем предпринимателям вернули право выбирать
18:11
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Кыргыз жылкы менен байланышты үзгөн жокпу — жаштар эмнелерди биле жүрүшү керек?
19:07
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Будь в курсе
Бишкеку 147 лет: «уютная» история столицы Кыргызстана
20:10
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ыш менен күрөшүү жаатында мекеме аралык комиссия түзүлүп иш-пландарды кароодо
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент Сооронбай Жээнбеков БУУнун ассамблеясында сөз сүйлөдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү
Президент Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан демократиялык принциптерди ырааттуу түрдө бекемдөө ишин улантарын белгиледи.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1/3
Президент Сооронбай Жээнбеков 25-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөдү

Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун бийик трибунасынан Кыргызстандын көз карашы боюнча бышып жетилген жана биргелешип чечүүнү талап кылган улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги көйгөйлүү маселелерге токтолду.

"Дүйнө жүзүндөгү глобалдык саясий, экономикалык жана экологиялык кырдаал тез өзгөрүүдө. Дүйнөлүк саясатта регионализм тенденциясы күч алууда. Баалардын өсүшү, өтүмдүүлүктүн жетишсиздиги жана экономикадагы санкциялар "согушу" уланууда. Терроризм жана экстремизм коркунучу бардык өлкөлөрдү кучагына алды. Экологиялык тең салмактуулукту сактоо бүт планетанын глобалдык милдетине айланды", — деди Жээнбеков.

Өлкө башчысы Кыргызстан үчүн бул процесстер сезилерлик болгонун кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында баш катчы Антониу Гутерриш менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков БУУнун баш катчысы менен жолукту. Эмне тууралуу сөз болду
"БУУнун бийик трибунасынан пайдаланып, биздин өлкөнүн позициясынан актуалдуу деп эсептелген улуттук, регионалдык жана глобалдык деңгээлдеги маселелерди белгилеп кетейин. 2017-жылы бийликти тынч жол менен өткөрүп берүү Кыргызстандын демократиялык өнүгүү жолундагы илгери кадамына бекем негиз салды. Азыркы кезде Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бар. Бул орто мөөнөттүк болочокко карай алдыбызга амбициялуу максаттарды коюуга мүмкүнчүлүк берүүдө", — деди ал.

Жээнбеков андан сырткары, Кыргызстан парламенттик демократияны өнүктүрүүнү көздөй турганына токтолуп, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоо муну дагы бир ирет ырастай турганын айтты.

Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыты бойдон калганын, эртеңки күндүн талаптарына ылайык саясий модернизациялоо жана экономиканы өнүктүрүү милдеттери турганын кошумчалады.

"Биринчи кезекте биз сот-укуктук реформаны ишке ашырууну жана күч структураларын кайра уюштурууну көздөйбүз. Региондорду өнүктүрүү — Кыргызстандын ийгиликтүү өнүгүшүнүн кепили жана өлкөбүз үчүн эң актуалдуу маселе боюнча калууда", — деди ал.

Президент Кыргызстан демократиялык принциптерди ырааттуу түрдө бекемдөө ишин улантарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0