ОШ, 24-сен. – Sputnik. Өзгөн районунда болгон жол кырсыктын кесепетинен каза болгон айдоочунун тек-жайы такталды. Ал Куршаб айылынын 1989-жылы туулган тургуну Майрамбек Жолуев экендиги аныкталды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Эске сала кетсек, окуя 22-сентябрда саат 22:25дер чамасында Өзгөн районунун Кароол айылында болгон.
Ford Mondeo унааcынын айдоочусу кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде көз жумган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Чоң-Алай районунун 31 жаштагы М.Ж. аттуу тургуну чоң жүк ташуучу унаасы менен бара жаткан учурда Ford Mondeo унаасы арт жагынан келип ага урунганда өрт чыгып, жеңил авто күйүп кеткен. Анын кесепетинен айдоочусу каза болгон.
Эки унаада тең айдоочудан башка жүргүнчүлөр болгон эмес.