00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ачык кеп
Баланын тили кеч чыкса эмне кылуу керек? Логопед-дефектологдун кеңештери
15:59
1 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Документы, эксперты и обучение персонала — как устроена безопасность аттракционов в Бишкеке
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Оор жараатка карабай жашоону сүйгөн ардагердин өмүрү
17:04
32 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
18:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Спортбокс
Салбуурун — кыргыздын улуттук мурасын даңазалаган спорт. Кушчулардын башкы талабы эмне?
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
11 мин
История в лицах
Орден «За храбрость» через полвека: история затерянного представления и верного боевого братства
20:12
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
5 мин
Особый акцент
Индустриализация: от сталинского рывка до “зелёного” кризиса Европы — беседа о социуме
21:07
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күз келип, кулак-мурун оорулары күч алды. Дарттын алдын алуу жолдору

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүПризыв в ВС РФ начался в Крыму
Призыв в ВС РФ начался в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер мезгил алмашканда ар кандай оорулар козголорун айтып келишет. Айрыкча туруксуз аба ырайынан улам жарандар кулак-мурун дартына чалдыгып, ага көп маани бере бербейт. Жыйынтыгында бейтаптардын саны өсүүдө.

Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгерлери Бактыгүл Каримова жана Калыс Бакиева редакциябызга келип, күз мезгилинде күч алган кулак-мурун оорулары жана бул илдеттин алдын алуу жолдорун айтып берди.

— Кулак-мурун оорулары эмнеден улам пайда болот?

© Sputnik / Асель АкматалиеваУлуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгери Калыс Бакиева
Врач-oториноларинголог национального госпиталя Калыс Бакиева - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгери Калыс Бакиева
Калыс Бакиева: — Бул илдет аба өтө ысып же тескерисинче өтө муздап кеткен учурда күч алат. Учурда жай мезгили бүтүп, күз мезгили башталгандыктан кулак-мурун оорулары менен ооруган адамдардын саны өсө баштады. Мындан улам бизге аллергия, тамак, кулактын өнөкөт оорулары менен кайрылгандар арбып баратат.

Улуттук госпиталдын эл аралык мамилелер бөлүмүнүн башчысы, уролог Нурбек Монолов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Монолов: Кыргызстанда пиелонефрит оорусу күч алды
Бактыгүл Каримова: — Бүгүнкү күндө кичинекей балдар көп ооруйт. Ата-энелер балдарын кандай кийинтүүнү билбейт. Эртең менен жылуу кийинтсе, күн түштө ысып кетет. Жука кийинтип койсо, баласы шамалдап калат. Ошондуктан ата-энелерди балдарын аба ырайына жараша кийинтүүгө чакырабыз. Мезгил алмашканда иммунитет да алсырай түшөт. Мындай учурда оорунун организмде пайда болуу пайызы жогорулайт. Андыктан жаш балдарга витаминге бай азыктарды, жемиштерди көп жедирүү керек. Бала бакчанын тамагы витамин менен толук камсыздай албайт. Күн суук боло баштаганда ымыркайлардын мурду агып баштайт. Бул учурда дароо дары берип, убагында дарылап калуу керек.

— Илдеттин алдын алууга болобу?

© Sputnik / Асель АкматалиеваУлуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгери Бактыгүл Каримова
Врач оториноларинголог Бактыгуль Каримова - Sputnik Кыргызстан
Улуттук госпиталдын кулак-мурун оорулары боюнча дарыгери Бактыгүл Каримова
Б.К: — Температура көтөрүлүп, же өзүн начар сезип баштаганда лимон, апельсин, малина кошуп чай ичиш керек. Бейтаптардын басымдуу бөлүгү иштен калбайын деп, оорусуна карабай жумушка чыгып кетет. Бул туура эмес. Көпчүлүк дарыгерге оорусу өтүшүп кеткен учурда кайрылат. Негизи оорунун баштапкы белгилери пайда болгон учурда бизге келсе, дарылоо жеңилирээк болот.

— Дарылоо этаптары кандай жүргүзүлөт?

К.Б: — Бул оорунун деңгээлине жараша болот. Албетте, баштапкы этаптарда дарылоо жеңил. Эгер кулак-мурун оорулары вирустук абал менен башталса башында жөнөкөй дарылар берилет. Катаалдашып кеткен убакта антибиотик кошобуз. Эгер андан да татаалдашып кетсе күчтүү деген дары-дармектер менен дарылоого туура келет.

— Өз алдынча дарыланууга мүмкүнбү?

Сушилка для рук - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар колду кургата турчу аппараттын зыяндуулугун айтып беришти
К.Б: — Азыркы убакта, тилекке каршы, интернет аркылуу дарылангандар көбөйдү. Ал жакта жалпы маалымат жазылгандыктан, айыгып кетүүгө кепилдик жок. Бул илдетке чалдыккан ар бир жаран врачка жеке кайрылып, кеңеш алуусу керек. Анткени ар бир адамдын организми ар кандай болот. Бири-бирине такыр окшобогондуктан, жеке доктурга көрүнүү талап кылынат. Интернет аркылуу дарыланам деп, ооруну ого бетер күч алдырып жиберүү мүмкүн. Эскерте кетели, кулак-мурун оорулары аба аркылуу да жугуп, өзгөчө жаш балдар менен кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу. Ошол үчүн бет кап кийүү шарт.

Б.К: — Бет капты ар эки саат сайын аны алмаштырып туруу керек. Эгер убагында алмаштырылбаса микробдор ошол эле жерде калып, айыгуу мүмкүнчүлүгү азайып, чүчкүргөн сайын кайра толо берет.

— Маршруткада өзгөчө эртең менен жана кечки убакта жүргүнчүлөр көп болот эмеспи. Мындай учурда бир адамдын чүчкүрүүсү жанындагы адамдарга оору жуктурабы?

Б.К: — Албетте, маршрутканын ичинде 10-15 адам болгон учурда бир адам чүчкүрсө калган 10 адамга жугушу мүмкүн. Бирок бул ошол жердеги бардык жүргүнчүлөр ооруп калат дегедик эмес. Эгер иммунитет күчтүү болсо, көбүрөөк витамин жеп, көп суу ичип эрежелерди сактаса оору жукпайт.

— Кайсы витаминдерди жеш керек?

К.Б: — Биздин өлкө витаминдерге бай. Өз убагы менен тамактанса оорулардын алдын алса болот. Комплекстүү витаминдерди жегенге чакырабыз. Лимонду чайга кошуп ичүүнү сунуштайбыз. Анын курамында С витамини бар. Ошондой эле бүлдүркөндүн кыямы да адам организми үчүн абдан пайдалуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0