БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Республиканын айрым аймактарында 8-сентябрда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Аны менен катар эле кээ бир аймакта абанын температурасы +31 градуска чейин ысыйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +23…+28 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +22…+27 градус ысык болот.
Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы Бишкекте +26…+28, Ош шаарында +29…+31 градуска жетет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.