Асыл тукум, шамдагай күлүктөрдү сынайбыз. Кыска аралыкка ат чабуунун эрежеси

Жазылуу
Кыска аралыкка ат чабуу — күлүктөрдүн тегиз жерде, кыска аралыкка чуркаган кызыктуу мелдеши. Адатта жылкылардын асыл тукумдуулугун сыноо максатында уюштурулуп, ал күлүктөрдү келечекте көбөйтүү каралган.

Ат чабыштын мындай түрү дүйнө жүзүндө кеңири жайылып, таанымал оюн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги менен биргеликте спортчулар күч сынашчу мелдеш түрлөрүнүн эрежелерин даярдоодо. Бул ирет кыска аралыкка ат чабыш менен тааныштырабыз.

I. Жалпы жобосу

Кыска аралыкка ат чабышка чыкчу аргымактын ээсинен жылкынын тек-жайын аныктоочу паспорту, туулган өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу органдары берген тек-жайын аныктоочу китепчеси талап кылынат.

Кыска аралыкка ат чабууга англиялык таза кандуу күлүктөр катышат. Алар үч дистанция менен жарышат.

Кунандар (эки жаш) — 1600 чакырымга чуркайт;

Быштылар (үч жаш) — 2400 чакырымга чуркайт;

Эр сайышта жигиттерди сулаткан Диана. Каскадер кыздын өнөрү видеодо - Sputnik Кыргызстан
Эр сайышта жигиттерди сулаткан Диана. Каскадер кыздын өнөрү видеодо
Жаңы асый (4 жаш) жана андан жогорку жаштагылар — 3200 чакырымга чуркайт.

Мында гандикап системасы колдонулуп, аттарды жашына, жынысына жана күлүктүгүнө карап бөлөт. Гандикап түзүү боюнча дайындалган адис аттын жүгүнүн салмагын санайт. Биринчи жарышкан аттар 55 кг. жүк менен чуркайт. Бээлер айгыр жана бычылган айгырлардан 2 килограммга аз көтөрүшү керек.

Күлүктүн ээси төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек:

Баштапкы номери, каймана аты, өңү, жынысы (айгыр, бээ, бычылган ат), туулган жылы, кайсы тукумдан экени, туулган жери, ээси, мелдештердеги рейтинги.

Ал эми чабандес атайын камзол жана сактоочу чыптама, өтүк, ак бридж, шлем кийип, коргоочу көз айнек тагынышы абзел.

II. Жүрүштүн эрежелери

Чабандес мелдешке бир саат калганда таразага түшөт.

Анда чабандестин салмагы, кийими, бут кийими, ээр, басмайыл жана тердик менен үзөңгүсү тартылат.

Лучший иноходец — Ганк. Сейчас в Кыргызстане нет ему равных - Sputnik Кыргызстан
12 машина уткан "Вулкан", 40 миң доллар тапкан "Карат". Эң мыкты буудандар кимдики?
Чаап баратканда бир сызыктан экинчисине өтүүгө уруксат берилет. Анүчүн арт жагында келе жаткан адам экиден кем болбошу керек. Марага чыгууда түз багытты сактап жана атаандаштардын айланып өтүүсүнө тоскоол кылбоо зарыл.

Чабандеске катуу камчыланууга жол берилбейт. Марага чейин 10 жолу камчы урууга уруксат.

Эки жаштагы аттарды камчы же башка каражаттар менен чабууга тыюу салынат.

III. Эреже бузуу

— Жүрүшкө катышпай же кечигип келүүсү;

— Аттар жарышка номери жок чыкса же прогаммадагы номерге дал келбесе;

— Программада көрсөтүлгөн жилеттин жана баш кийимдин өңү бири-бирине туура келбесе;

— Белги берилмейин жарышты баштоо, жолдон чыгуу, өз эркинче камчылануу;

— Ат чабышка чейин жана андан кийин салмак эрежелерин бузуу;

— Башка катышуучуларга тоскоол болуу;

— Бир саяпкердин же ат ээсинин эки аты тең чыгып, анын бири өзү менен чогуу келген аргымактын байге алышына жардам берип, башкаларга тоскоол кылса. Бул учурда эки ат тең байгеден четтетилет.

Колдонулуучу жазалар:

— Майда эреже бузууларга оозеки эскертүү берилет.

— Одоно бузгандар бир айдан алты айга чейин мелдештен четтетилет жана байгелүү орундан ажыратылат.

— Кайталап одоно бузгандыгы үчүн чабандес өмүр бою дисквалифицияланат.

— Эгерде ат чабыштын катышуучусу бир же бир нече катышуучуга тоскоол болсо ошол атаандашынан кийинки орунга жылат.

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда башталат. Мелдештин курамына спорттун 37 түрү кирип, 79 өлкөдөн келген 2300 спортчу күч сынашмай болду. Спорттун түрлөрүнө 15 мамлекеттин улуттук оюндары киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0