Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаа күйгөндүгү тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-каналы аркылуу билдирди.
Кырсык ишемби күнү саат 20.00дөр чамасында Ысык-Ата районунун аймагында болду.
Күбөнүн айтымында, башка айдоочулар Lexus унаасынын ичиндегилерге автодон түтүн чыгып жатканы боюнча белги беришкен. Натыйжада айдоочу менен жүргүнчү дароо унааны токтотуп, андан түшүп кетүүгө үлгүргөн. Машина ошондон кийин гана өрттөнө баштаган.