БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кытай бийлигинин демилгеси менен чек ара беш күнгө жабылмай болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, Курман айт майрамына карата "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттерине 22-августтан 26-августка чейин чектөө киргизилет.
Унаалар менен жарандар чек арадан 27-августтан тарта өтө баштайт.