БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Чүй облустук милициясынын кызматкерлери менен мамлекеттик администрация өкүлдөрү жайма базарларды жок кылуу боюнча рейд өткөрөт. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.
Рейд Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун Кантка чейинки аймагында жүрөт. Андан сырткары, Сокулуктан Бишкекке чейинки трассада да болот. Бул иш-чаралар 14-августта башталган.
"Кээ бир эпчил соодагерлер бир эле жерде аралаштырып коюуга болбой турган товарларды, маселен, дарбыз менен аккумуляторду сатып жатышат. Аларды бардыгына бул жерде соода кылуу мыйзамсыз экендигин түшүндүрүштү", — деп айтылат маалыматта.
Жайма сооданын бир канчасын атайын техника менен түрттүрүшкөн. Маалыматта "сатуучуларга эки ай мурда эскертүү берилген жана алар мындай чечимге тоготпостук кылып коюшкан" деп айтылган.