БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычына чөгүп кеткен кишинин сөөгү бир жарым күндөн кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
38 жаштагы кишинин чөгүп кеткени туурасында маалымат 112 кызматына 14-августта түнкү 10дон өткөндөн кийин түшкөн.
"Суу сактагычка чөгүп кеткен жаранды издөө иштерине 14 куткаруучу тартылып, анын натыйжасында бүгүн, 16-августа, саат 09:20да сөөгү табылып туугандарына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле куткаруучулар маркумду кечээ да издеп бирок таба алышкан эмес.