БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Түндүк-чыгыш бажысы "Риом" унаа базарынын гаражына 2015-жылы токтотулган автомашиналардын ээлерин издөөдө. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, андагы бардык унаалар бажы каттоосунан өткөн эмес.
Автоунаага ээлик кылгандар өздөрүнүн кагаздары менен Төмөнкү Ала-Арча айылынын Курманалиев туюк көчөсүнүн 1а дарегиндеги Түндүк-чыгыш бажысына кайрылуусу керек.
Кошумча маалыматтарды төмөндөгү телефон номерлери аркылуу алууга болот:
— (0312) 90-76-30, 47-30-45 (бажы начальниги, кабылдама);
— (0312) 90-74-07 (бажы начальнигинин орун басары);
— (0312) 90-74-08 (бажы көзмөлдөө бөлүмү);
— (0312) 90-74-04 (нөөмөт кызматы).
Эгер унаа ээлери табылбай калса, мамлекеттин менчигине өтүп кетиши мүмкүн.