БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Интернет айдыңында АКШда уурдалган Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү жарандык учактын кулаган жеринде тартылган видео тарады.
#BREAKING #SeaTac airline employee steals Horizon passenger plane and then crashes on island in #PugetSound. No passengers believed to be onboard. https://t.co/Bseqx6tIoe @nbcbayarea #AlaskaAir pic.twitter.com/q1zE5A6Mem
— Janelle Wang (@janellewang) August 11, 2018
Буга чейин Alaska Airlines авиакомпаниясынын кызматкери Сиэтлдагы аэропорттон учакты уурдай качкандыгы кабарланган. Кийин ал самолетту F-15 үлгүсүндөгү эки аскер учагы кууган. Диспетчерлер учакты башкарып бараткан адам менен байланышып, аны шаардан алыс жерге багыттаган.
Учак 15 мүнөт абада калкып, Кетро аралына жакын жерде кулаган. Учурда кырсыкка аскердик учактардын тиешеси жоктугу айтылууда.
Rock 41 and Rock 42 scrambling out of PDX this evening pic.twitter.com/6otUX7hkMV
— Sabian404 (@Sabian404) August 11, 2018