БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Айрым категориядагы аскер кызматкерлеринин айлык акысы 1,5-3 миң сомго жогорулады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Коргоо комитетинен билдиришти.
Өкмөттүн токтому менен келишимдик кызматтагы катардагы аскер, сержанттык жана улук курамдын маянасы 30 пайызга көтөрүлдү. Ага ылайык, туруктуу маяна 800-1500 сомго, ал эми кызматтык маяна — 1500-3000 сомго жогорулады.
Коргоо комитетинен билдиришкендей, үч жыл мурда ушул эле категориядагы контракттык негизде кызмат өтөгөндөрдүн туруктуу айлыгы 1350-1800 сомго көбөйгөн.